Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Новопавловка айылынын тургундары менен жолугушуп, алардын көйгөйлүү маселелерин укту.

Шаардыктар КНСтин бузулгандыгынан турак жайларды суу каптап жатканын белгилеп,  канализациялык насостук станцияны (КНС) иштетүү маселесин чечип берүүнү суранышты.

Борбор калаанын башчысы Ленин административдик районунун муниципалдык башкармалыгына жана “Бишкексууканал” муниципалдык ишканасына оңдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды.

Өз кезегинде, Бишкек шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгына кыска мөөнөттө  тазалоочу курулмаларды куруу долбоорун иштеп чыгуу тапшырылды, анын аркасында жакын жайгашкан райондордун жашоочулары канализация түйүндөрүн колдонууга мүмкүнчүлүк алышат.

Андан соң шаар мэри Айбек Джунушалиев таштанды таштоочу жайдын аймагына барып, экологияга терс таасирин тийгизип жаткандыктан тез арада жабууну тапшырды.

Аталган аймакты таштандыдан тазалоо милдети коюлуп, Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментине  айланма жолго чыгуучу таштанды таштоочу жай аркылуу жол куруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу тапшырылды.

"Айланма жол менен байланышты камсыз кылуу - керектүү инфраструктураны түзүү. Транспорт шаарга кирбей, айланма жол менен жүрүүчү жолду  уюштургула", - деп баса белгиледи мэр А.Ж. Джунушалиев.

Жыйындын жана текшерүүнүн жыйынтыгында борбор калаа башчысы тиешелүү кызматтарга бардык маселелерди тез арада чечүүнү, ошондой эле жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында бир жуманын ичинде каналдын жээгине тосмо орнотууну тапшырды.