Отун-энергетика комплекси департаментинин директору Нургазы Курманбеков 2025-2026-жылдардын күз-кыш жылытуу мезгилине даярдык көрүү максатында Курманжан Датка көчөсүнүн Чүй проспектисинен Салиева көчөсүнө чейинки магистралдык жылуулук тармагында масштабдуу реконструкциялоо иштери жүрүп жаткан жерге барды.
⠀
Жер-жерлерден тышкаркы жолугушууда мэрдин орун басарына аткарылып жаткан иштердин учурдагы абалы, аткаруу графиги жана жакынкы райондордун жашоочуларына ыңгайсыздыктарды азайтуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалыматтар берилди.
⠀
Колдонулган материалдардын сапатына, белгиленген мөөнөттүн сакталышына жана курулуш объекттериндеги коопсуздукка өзгөчө көңүл бурулду.
⠀
Белгилей кетсек, учурда долбоор аяктоо стадиясында турат. Алсак, бүгүнкү күндө Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейинки тилкеде темир-бетон лотокторду, жаңы түтүктөрдү, арматураларды, стационардык тирөөчтөрдү орнотуу, түтүктөрдү жылуулоо иштери бүткөрүлүп, жылуулук тармагынын каналын жабуу жана толтуруу иштери жүрүп жатат.
⠀
Эскерте кетсек, реконструкциялоонун алкагында узундугу 920 метр тилкедеги түтүк толугу менен жаңыланып, диаметри 426 мм жана 700 мм болгон түтүктөр алмаштырылат.