Ленин районунда жашы жете электердин эмгек ишмердүүлүгүнө, кайырчылыкка тартылганын, ошондой эле түнкүсүн чоңдордун кароосуз калгандарын аныктоого багытталган комплекстүү профилактикалык рейддер өткөрүлдү.

Иш-чараны Ленин районунун муниципалдык администрациясы Ленин райондук ички иштер башкармалыгы, социалдык өнүгүү башкармалыгы, билим берүү башкармалыгы, МАБ жана Ленин районунун кварталдык комитеттери менен биргеликте уюштурган.

Күндүзгү рейддин алкагында иштеген балдар, ошондой эле кайырчылыкка тартылышы мүмкүн болгон жашы жете элек өспүрүмдөр боло турган жерлер текшерилди. Рейддин жүрүшүндө балдар ата-энелерине, туугандарына соода-сатык иштеринде жардам берип жүргөн 5 факты катталган.

Түндө саат 23:00дөн кийин чоңдордун көзөмөлү жок көчөдө жүргөн балдарды аныктоо боюнча өзүнчө рейд жүргүзүлдү. Натыйжада мындай жашы жете элек 13 бала табылган.

Рейддердин жыйынтыгында 18 баланын өздүгү аныкталган. Алар жана мыйзамдуу өкүлдөрү менен профилактикалык сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Маалыматтар ыйгарым укуктуу органдарга мындан аркы иштөө үчүн жөнөтүлдү.

Ленин районунун муниципалдык администрациясы жашы жете элек өспүрүмдөрдү туура көзөмөлгө алуунун маанилүүлүгүн эске салып, балдардын укуктарын жана коопсуздугун коргоо максатында мындай рейддер байма-бай жүргүзүлөрүн эскертет.