Пара-шахматчыларды Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев куттуктап, алардын мелдештерге катышуусуна каржылык колдоо көрсөттү.
"Спортто ийгиликтерге жетишүү - бул чоң эмгек. Эл аралык деңгээлдеги мелдештерге катышып жатканыңыздар абдан жакшы жыйынтыктардан кабар берет. Биз ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга шарт түзүүгө өзгөчө көңүл буруп жатабыз, эң негизгиси спорттук имараттарды курууда муниципалитет инклюзивдик чөйрөнү түзүүгө аракет кылып жатат", - деди мэр.
Ошентип, 50 000 сом: Эрмек Мукашев, Дарика Мамытова, Рахатбеков Тилеген, Александр Жаков, Нурадыл Жолдошбеков жана Кубанычбек Ибраимовго тапшырылды.
Өз кезегинде спортчулар көңүл буруп, колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.
Маалымдама: 2025-жылдын 21–31-июлу аралыгында Индиянын Гоа шаарында кыймыл-аракет аппараты бузулган спорттчулар арасында дүйнө чемпионаты өтөт.
2025-жылдын 17–29-августунда Польшанын Жешув шаарында начар көргөн спортчулар арасында дүйнө чемпионаты өткөрүлөт.
Жалпысынан эки делегациянын курамында 7 адам бар, анын ичинен: 6 Бишкек шаарынын, бирөө Нарын облусунун тургундары.
Кыргызстандын курама командасынын эл аралык мелдештерге катышуусу инклюзивдик спортту жайылтууга жана Кыргызстандын дүйнөлүк аренадагы имиджин бекемдөөгө салым кошууда.