Ваучердик механизмди ишке киргизүү боюнча кезектеги жыйын Свердлов районунда өттү. Жыйынды социалдык комиссиянын төрайымы А.Д.Арстамбекова алып барды, ага Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Э.Б. Алымбаева катышты.
Бүгүнкү күндө Свердлов районунда «Балалык» маалымат системасында «ваучердик механизмдин катышуучусу» статусуна ээ 32 жеке менчик бала бакча катталган.
Балдардын мектепке чейинки билим алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу максатында жолдомо алуу үчүн кайрылган аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн жалпысынан 85 арыз түшкөн. Жыйындын жүрүшүндө арыздардын биринчи партиясы каралып, анын 20сы канааттандырылган.
Ваучердик механизм аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарын жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды колдоого, аларга сапаттуу билим берүү кызматтарына бирдей мүмкүнчүлүк берүүгө багытталган.