20-июль күнү Бишкек шаарында жайкы маданий программа алкагында мэрия тарабынан уюштурулган ачык асман алдындагы музыкалык кечелер өтүүдө.
Концерттер бир эле учурда эки аянтта — Кыргызстан менен Азербайжандын Достук паркында жана Ала-Тоо аянтында өткөрүлдү.
Шаардын паркындагы жайлуу атмосферада көрүүчүлөр классикалык музыка чыгармаларынан ырахат алышты. Ал эми борбордук Ала-Тоо аянтында шаардыктар жана коноктор ансамблдердин, вокалдык топтордун жана солисттердин аткаруусунда эстрадалык-фольклордук чыгармаларына күбө болушту.
Бул иш-чаралар шаар тургундары үчүн маданий жана чыгармачыл эс алуу чөйрөсүн түзүү максатында өткөрүлүүдө.