Борбор калаада Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгына караштуу муниципалдык маданият мекемелерин пландык кыдыруу иштери уланууда. Анын максаты — маданият объектилеринин учурдагы абалын көзөмөлдөө, муктаждыктарды талдоо жана алардын ишин жакшыртуу боюнча чараларды иштеп чыгуу.

Объекттерге болгон текшерүүнүн жүрүшүндө санитардык абалга, айлана-чөйрөнү көрктөндүрүүгө, техникалык жабдылууга, ошондой эле кызматкерлер менен шаардыктар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурулууда.

Кыдыруулардын жыйынтыгында маданият мекемелерин жаңыртуу, инфраструктураны жакшыртуу жана маданий кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын көтөрүү боюнча сунуштар даярдалат.

Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгы карамагындагы мекемелердин абалына көзөмөл жүргүзүү иштерин системалуу түрдө улантат. Бул аракеттердин баары борбор калаа тургундары үчүн маданий кызматтарды жеткиликтүү жана сапаттуу кылууга багытталган.