Мыскова Станислава Васильевна  100 жашында дүйнөдөн өткөнүн терең кайгыруу менен билдиребиз.

Мыскова Станислава Васильевна 1925-жылы 10-ноябрда Ленинград шаарында төрөлгөн. Блокаданын коркунучтуу окуяларын баштан кечирип, 1942-жылы алгач Фрунзе шаарына, андан соң Пржевальскке эвакуацияланып, Пржевальск педагогикалык институтуна тапшырып, 1944-жылга чейин окуган. 1944-жылдан баштап Фрунзе педагогикалык институтунда окуусун улантып, 1948-жылы жогорку билимге ээ болгон.

Ошол эле жылы Фрунзе шаарындагы №13 орто мектебинде орус тили жана адабияты мугалими болуп эмгек жолун баштаган.

Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында көрсөткөн эрдиги жана туруктуулугу үчүн "Блокададагы Ленинграддын тургуну" медалы менен сыйланган.

Станислава Васильевнанын жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат. Жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.