Мэр Айбек Джунушалиевдин тапшырмасынын алкагында Бишкек шаарындагы жашыл аймактардын абалы өзгөчө көзөмөлгө алынды.
Ошентип, борбор калаадагы сейил бактарды жана скверлерди көрктөндүрүү, санитардык бутоо жана тазалоо иштери күн сайын көзөмөлдөнөт.
Борбор калаанын башчысы ар бир жетекчиге көзөмөлдү күчөтүүнү, жеринде такай текшерүүлөрдү жүргүзүүнү тапшырды.