“Бишкекавтобекети” МИде Ысык-Көл жана Нарын облустары багытында жүргүнчүлөрдүн агымы көп болууда.
Эгерде 2025-жылдын май айында иш күндөрү 2500-2700 жүргүнчү болсо, бүгүнкү күндө жүргүнчүлөрдүн агымы күнүнө 3500-3800 адамды түзөт.
Жума, ишемби жана жекшемби күндөрү алардын саны 4000-4600гө чейин көбөйөт. Мисалы, өткөн жума күнү 4600 жүргүнчү ташылган.
Чолпон-Ата - Бостери багытындагы сезондук каттамдар тартылды. Көрүнүп тургандай, май айынан бери өсүш 1000-1200 жүргүнчүнү түздү.
Май айынан ушул убакка чейин ташуучулар үлгүрбөй, эл көп болгондугуна байланыштуу 26 даана шаардык автобусту тартуу чечими кабыл алынган. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциянын кызматкерлери коштоп жүрүштү.
Урматтуу борбор калаанын тургундары жана коноктору! Бишкек шаарынын мэриясы сапарларды алдын ала пландаштыруу керектигин эскертет, анткени борбор калаанын автобекети төмөнкүдөй иштейт: саат 07-00дөн 19-30га чейин кичиавтобустар Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча каттайт, саат 19-00дөн 23-30га чейин кадимки автобустар Ысык-Көл, Нарын, Нарын жана башка багыттарга каттайт.