Борбор калаанын муниципалитетинде мэр Айбек Джунушалиевдин пландык кеңешмеси өттү.
“Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасынын директору Талант Капаров 2025-жылдын 6 айында аткарылган иштерге токтолду.
Борбор калаада 5 автобаза бар, коомдук транспорттун жалпы саны 1520, кызматкерлердин саны 3341.
2025-жылдын январь-июнь айларында 106 миллиондон ашык жүргүнчү, 2024-жылы 62 миллионго жакын жүргүнчү ташылган.
Жол эрежесин сактоо, токтоо эрежелерин сактоо, жол кире акысын төлөө боюнча жыйындар үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат.
Бул жыйындарда мыйзам бузуулар да каралып, тартиптик чаралар көрүлүп, «БШТ» МИнин 793 айдоочусу ишкананын «кара тизмесинде» болсо, анын ичинен 153 айдоочу «ЭКО жүргүнчүлөрдү ташуу» ЖЧКсынын айдоочулары, 404ү тартиптик жазага тартылды.
Ошондой эле, 2025-жылдын 20-июлунда №216 маршруттук каттамдын айдоочусу тарабынан жол эрежесин бузган факты боюнча катуу чаралар көрүлүп, айдоочу берененин негизинде кызматынан бошотулган.
Шаар мэри жүргүнчүлөрдү ыңгайлуу ташуу үчүн айдоочулар тарабынан эреже бузууларды аныктоо боюнча рейддик иш-чараларды күчөтүүнү, ошондой эле накталай эмес төлөм системасына толук өтүү планын аткарууну тапшырды.
Ошондой эле шаар башчысы коомдук транспорттун айдоочулары тарабынан эреже бузууларды көзөмөлдөгөн адистерге стимул берүү маселесин кароо милдетин койду.
“Санариптик технологиялар борбору” МИсине “Акылдуу аялдама” системасын орнотуу боюнча ишти күчөтүү тапшырмасы берилди.