Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев  “Бишкекжылуулукэнерго” МИнин  отканаларынын техникалык абалын жана күз-кыш мезгилине даярдыгын баалоо максатында алардын абалы менен таанышты.

Биринчи пункт 10-кичирайондогу откана болду. Бүгүнкү күндө объектте капиталдык оңдоо иштери жүрүп, кубаттуулугу 3 МВт жана 4 МВт болгон 2 жаңы откана орнотулду.

Борбор калаа башчысы ошондой эле «Жал-29» отканасынын капиталдык оңдоо иштери менен таанышты. Учурда объектте ар биринин кубаттуулугу 5 МВт болгон эки ысык суу газ казандарын орнотуу иштери жүрүп жатат.

Мындан тышкары, «Бишкексельмаш» отканасын реконструкциялоо иштери менен таанышып, учурда буу  казандарын чыгаруу иштери жүрүп жатат. 2025-жылы ар биринин жылуулук кубаттуулугу 12 МВт болгон өзүбүздүн өндүрүштөн (РПУнун негизинде) 6 буу казанын орнотуу пландаштырылууда. 2026-2027-жылдардагы жылытуу мезгилине  чейин жалпы орнотулган кубаттуулугу 100,8 МВт болгон 12,6 МВт газ турбинанын 8 комплектин чыгаруу жана орнотуу пландаштырылууда. 2027-2028-жылдарга карата жалпы белгиленген кубаттуулугу 108 МВт болгон 12 МВт 9 от казанын орнотуу - 1,1 км жылуулук тармагын тартуу пландаштырылууда.

Жаңы казан агрегаттарын орнотуу жанаша жайгашкан райондордун жашоочуларын ысык суу менен туруктуу  камсыз кылат.

Борбор калаа башчысы Отун-энергетика комплекси департаментинин директоруна натыйжалуу иш алып баруу үчүн «Бишкек ЖЭБ», «Бишкекжылуулуктармагы» жана «Бишкекжылуулукэнерго» муниципалдык ишканаларынын кызматкерлеринин ортосунда тажрыйба алмашууну уюштуруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну тапшырды.

Текшерүүнүн жыйынтыгында шаар мэри Айбек Джунушалиев кызматкерлерге коррупцияга каршы мыйзамдарды жана иштеги айкындуулук принциптерин сактоону эскертип, шаар тургундарынын ыңгайлуулугун жана коопсуздугун камсыз кылуу максатында  жылытуу мезгилине сапаттуу даярдоону жана жылуулук менен камсыздоо объектилеринин туруктуу иштешин камсыз кылуу милдетин койду.