Бүгүн, 2025-жылдын 22-июлунда, балдар үчүн жайкы спартакиаданын салтанаттуу ачылышынын алкагында Азия чемпионатынын жеңүүчүлөрү да чакырылды.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев жаш спортчуларды эл аралык аренада ийгиликтүү чыгышы менен куттуктап, жеңүүчү балбандарга жана алардын машыктыруучуларына акчалай сертификаттарды тапшырды.

Сертификаттар 2025-жылдын 5–13-июль күндөрү калаадагы «Бишкек Арена» спорт комплексинде өткөн 15 жана 20 жашка чейинкилер арасындагы (U15 & U20) Азия чемпионатында 1- жана 3-орундарды ээлеген спортчуларга тапшырылды.

Бул турнир Азия континентинин эң мыкты жаш балбандарын чогултуп, үч олимпиадалык түрү боюнча грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшүн камтыды.

Бишкек шаарынын намысын шаардык спорт мектептеринин тарбиялануучулары коргоп, жыйынтыгында жалпы жети коло жана бир алтын медалга ээ болушуп, даярдык деңгээлинин жогору экендигин дагы бир жолу далилдешти.

Жалпысынан 8 спортчу жана алардын 8 машыктыруучусу сыйланды:

«Олимп» ОРАБӨСМ (U15):
•Баялиев Юсуф — 3-орун (машыктыруучусу: Мусуралиев Т.);
•Долоталиев Билал — 3-орун (машыктыруучусу: Тазабеков И.);
•Асылбекова Аяна — 3-орун (машыктыруучусу: Жуманазаров Р.);

«Ак Илбирс» ОРАБӨСМ (U15):
•Гасанов Хасан — 1-орун (машыктыруучусу: Пётр Ялама);
•Ознонов Нурэл — 3-орун (машыктыруучусу: Мирбек Алымкулов);
•Анаркулов Нурдин — 3-орун (машыктыруучусу: Дамир Чынаев);

Р.Санатбаев атындагы ОРАБӨМ (U20):
•Абыкеев Адилет — 3-орун (машыктыруучусу: Сеитбеков Нуржан Раманкулович);
•Сыдыков Рустам — 3-орун (машыктыруучусу: Ушуров Шукрат Аблимжитович).