"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы борбордогу жолдорду капиталдык оңдоону улантууда. Ленин району боюнча негизги титулдук тизмеге 8 көчө киргизилген, алардын жалпы узундугу 4,2 км.

Бүгүнкү күндө 3 объектте 1 км узундуктагы иштер аяктады:
- Щорс көчөсү Д. Садырбаев көчөсүнөн Тыныбеков көчөсүнө чейин;
- Береговая көчөсү Жеңишке 50 жыл көчөсүнөн Семетей көчөсүнө чейин;
- Л.Толстой менен Садыгалиев көчөсүнүн кесилишинде жөө жүргүнчүлөр үчүн тепкичтерди уюштуруу.

Ак-Марал көчөсүндөгү Чортеков көчөсүнөн Шералиев көчөсүнө чейинки 1 чакырым жолду капиталдык оңдоо иштери аяктоо алдында турат. Асфальт төшөө үчүн негизги даярдык иштери даяр, жакын арада жолчулар тарабынан асфальтбетон аралашмасын төшөө иштери башталат. Ошондой эле Безымянная көчөсү Өмүракунов көчөсүнөн Проектируемая-1 көчөсүнө чейин Т.Фрунзе көчөсүнө параллелдүү иштер улантылууда.

Ленин району боюнча тротуарларды капиталдык оңдоо боюнча негизги титулдук тизмеге узундугу 2,8 км болгон 2 объектте иштер киргизилген. Бүгүнкү күндө Алтымышев көчөсү Асаналиев көчөсүнөн Д. Садырбаев көчөсүнө чейин түштүк тарабынан 2,3 км узундукта капиталдык оңдоо иштери улантылууда.    

Кошумча титулдук тизмеге ылайык, Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна Тыналиев көчөсүнө чыгуу менен тротуар менен кирүүнү уюштуруу иштери аяктады жана Токтогул көчөсүнөн Б.Бейшеналиева көчөсүнөн көпүрөгө чейин (түштүк тарабы) тротуарды капиталдык оңдоо иштери аяктады.