Бишкекте ысык аба ырайында оор жүк ташуучу унаалардын жүрүшүн көзөмөлдөө боюнча күнүмдүк рейддер өткөрүлүүдө.
21-22-июль күндөрү абанын температурасы +28°С градустан жана андан жогору болгон убакта 18 тоннадан ашык оор жүк ташуучу унаалардын 50 айдоочусу аныкталган.
Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы тарабынан мэриянын 2025-жылдын 16-майындагы №80-т токтому менен белгиленген талаптарды аткарбагандыгы үчүн жалпы суммасы 377 000 сомдук 50 протокол түзүлдү.
Анын ичинен Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 434-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык 39 протокол түзүлүп, жалпы суммасы 147 000 сомду түзгөн.
Ошондой эле, Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 181-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, жалпы суммасы 230 000 сомдук 11 протокол түзүлдү.
Рейддер жол коопсуздугун камсыз кылуу, муниципалдык жолдордун коопсуздугун камсыз кылуу жана алардын иштөө мөөнөтүн узартуу максатында өткөрүлүүдө.
Рейддердин жүрүшүндө оор жүк ташуучу унаалардын айдоочулары менен ысык аба ырайында жол кыймылына убактылуу чектөөлөрдү сактоо боюнча да түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Белгиленген нормаларды сактабоо бир гана айып салууга алып келбестен, жолдун катмарына олуттуу зыян келтирерин эскертебиз.