Бүгүн, 2025-жылдын 23-июлунда Жер  пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы «Тазалык» муниципалдык ишканасы менен биргеликте Махатма Ганди көчөсү, 156Б дарегинде жайгашкан «Алмаз» кафесинин мыйзамсыз курулган бөлүгүн демонтаждоо иштерин баштады.

Кафенин айрым бөлүктөрү  Чоң Чүй каналынын (БЧК) боюнда - убактылуу же туруктуу курулуштарды курууга катуу тыюу салынган корголуучу зонада мыйзамсыз жайгашканы аныкталды.

Каналдын боюндагы санитардык тилкеге менчик ээлери эс алуу зонасын түзүшкөн, бул жерди пайдалануу жана сууну коргоо жаатындагы мыйзамдарды одоно бузуу болуп саналат.

Белгилей кетсек, кафенин башкы имараты бузууга жатпайт. Демонтаждоо мыйзам талабына ылайык каналдын боюндагы коопсуздук зонасында гана жүргүзүлөт.

Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы менен “Тазалык” муниципалдык ишканасынын биргелешкен иш-аракеттери Бишкек шаарында тартипти, мыйзамдуулукту жана санитардык коопсуздукту камсыздоого багытталган. Коргоочу аймактарды жана коомдук жайларды мыйзамсыз курулуштардан тазалоо иштери улантылат.