Борбор калаанын мэриясында Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев менен Жер-Ынтымагы конушунун тургундарынын жолугушуусу өттү.

Жыйында санитардык зонада жайгашкан жер тилкелерин мыйзамдаштыруу маселелери каралды.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын мэриясы, КР Министрлер Кабинетинин көрүстөнгө жакын  жерлерде жайгашкан мунапыс субъекттери үчүн көрүстөндөрдүн корголуучу зонасын 50 метрден 10 метрге чейин кыскартуу боюнча токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу токтомдун долбоорун даярдаган.

Кайрылуучуларды уккан шаар башчысы кызматтарга иш процессин тездетип, белгиленген тартипте жардам көрсөтүүнү тапшырды.

МААЛЫМАТ: Бүгүнкү күндө «Жер-Ынтамагы» айыл аймагында 1165 жер тилкеси бар. Бишкек шаарынын мэриясынын 2000-жылдын 18-сентябрындагы №637 токтомуна ылайык, Чүй облусунун Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айыл өкмөтүнө 69,0 га  сугат айыл чарба жерлери жана аймагы 20 жылдык мөөнөткө убактылуу пайдаланууга берилген.
2013-жылдын жай айынын башынан бери сөз болуп жаткан аймакта өз алдынча турак-жайлар курула баштаган.

Жер мунапысынын объектилерине жеке менчик укуктарын бекитип берүү жөнүндө маалыматтар:
- 996 арыз түшкөн;
- 890 токтом чыгарылган;
- 2021-жылдын 1-декабрынан кийин 30 объект курулган;
- 6 турак эмес жай;
- 4 объект магистралдык суу түтүкчөсүндө жайгашкан.