Бишкек шаарында Токтоналиев көчөсүнүн Масалиев проспектисинен Дүйшеев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жаңы жолдун курулушу аяктады.

Жалпы узундугу 1,4 чакырым болгон бул жол 4 ай ичинде бүткөрүлүп, унаа кыймылы үчүн толук ачылды.

Шаар мэри Айбек Джунушалиев аталган жол участогун кыдырып чыгып, курулуш иштери өз убагында жана сапаттуу бүткөрүлгөнүн белгиледи.

Жол курулушунун алкагында дренаж түтүктөрү, лотоктор орнотулуп, жол жээктерине бордюрлар коюлган. Ошондой эле аялдамалар, жол белгилери, жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуарлар жана асфальт жабуусу толугу менен жасалып, жол сызыктары чийилди.

Мындан тышкары, бул участокто оор жүк ташуучу унаалар үчүн бийиктик чектөөсү киргизилип, №175 автобус каттамынын мурдагы жүрүү схемасы кайра калыбына келтирилди.