Бишкек шаарында Лев Толстой көчөсүнүн Элебаев көчөсүнөн И. Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү капиталдык оңдоодон соң унаа кыймылы үчүн ачылды.
Анын алкагында көчөгө жаңы асфальт төшөлдү: биринчи катмары — 6 см калыңдыктагы кадимки асфальт, экинчи катмары — 5 см калыңдыктагы таш-мастик асфальт.
Ошондой эле, бордюрлар, ирригациялык система, жол белгилери жана светофорлор алмаштырылды.Кээ бир бөлүктөрдө көчө кеңейтилди. Тыгындарды азайтуу максатында айрым кесилиштердин алдында оңго бурулуш үчүн өзүнчө тилкелер каралган — мындай ыкма акыркы эки жылда капиталдык оңдоодон өткөн башка борбордук көчөлөрдө да колдонулуп келет. Унаа токтотуучу жайлар ачык бойдон калды.
Учурда Панфилов көчөсүнөн К.Акиев көчөсүнө чейинки бөлүктө оңдоо иштери уланууда. Ошондой эле, Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына бурулуштан Манас проспектисине чейинки бөлүк толугу менен жабылып, 2-сентябрга чейин кыймыл үчүн жабык болот. Бул жерде жылуулук түтүктөрү жаңыланууда.
2025-жылдын ичинде Лев Толстой көчөсүн Т.Фрунзе көчөсүнө чейин толук оңдоо пландалууда. Ал эми Акиев менен Бакаев көчөлөрүнүн ортосундагы бөлүк азыркы оңдоо иштерине кирбейт, анткени бул тилкеде транспорттук түйүндүн курулушу боюнча долбоор даярдалууда.