Бишкек шаарынын мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду.

Бишкек шаарынын Свердлов административдик районунун башчысы Адиев Капарбек Абдужалалович мурда ээлеген кызматынан берилген арызынын негизинде бошотулду. Анын ордуна буга чейин Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясынын башчысы болуп иштеп келген Амангелдиев Медер Амангелдиевич дайындалды. Муниципалдык инспекциянын башчысынын функциялык милдеттерин аткаруу үчүн жетекчинин орун басары Керимов Касымбек Алыбаевичке  жүктөлдү.

Ошондой эле, Бишкек шаарынын Свердлов административдик районунун башчысынын турак жай-коммуналдык чарба боюнча орун басары Асанов Калыбек Дуйшонбекович ээлеген кызматынан бошотулду. Анын ордуна Турсунов Жолдошбек Атабекович  дайындалды.

Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын жаңы жетекчиси болуп буга чейин Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысынын орун басары кызматын аркалап келген Молдобасаров Мирлан Камчыбекович дайындалды. Анын ордуна Турумбеков Ажыбек Сагынбекович дайындалды. Мындан тышкары, Арымбаев Эрмек Мукалыкович жана Досалиев Билимбек Жаныбекович Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысынын орун басары болуп дайындалышты.

Тиешелүү буйрукка Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев кол койду.