Борбор калаанын муниципалитетинин жыйындар залында мэр Айбек Джунушалиевдин төрагалыгы алдында оңдолгон жолдордун абалы боюнча жыйын өттү.
Жыйынга Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директору, И.Раззаков атындагы КМТУнын техника илимдеринин кандидаттары, Москва шаарынан чакырылган адистер, ошондой эле подряддык уюмдардын өкүлдөрү, көз карандысыз эксперттери, жол куруу тармагынын адистери катышты.
Жыйындын жүрүшүндө оңдолгон жолдордогу мүчүлүштүктөрдүн пайда болушу жана бул маселени чечүүнүн жолдору талкууланды.
Жыйындын катышуучулары төмөнкүдөй варианттарды сунушташты:
- СНИП талаптарын жаңылоо;
- асфальт төшөө технологиясын өзгөртүү;
- альтернативдик инерттүү материалдарды колдонуу.
Мэр Айбек Джунушалиев пилоттук долбоордо эффективдүү жыйынтык алуу үчүн кыймыл көп тилкелерди алуу керектигин айтты.
Ошондой эле сапатка көзөмөлдү күчөтүү жана үзгүлтүксүз жыйындарды өткөрүү чечими кабыл алынды.