Бишкек шаарынын мэриясы «МувГрин»  коомдук уюму менен биргеликте БУУнун Айлана-чөйрөнү коргоо программасынын жана «Хлеб для мира» (Bread for the World) эл аралык агенттигинин колдоосунда Бишкек шаарындагы турак жайлардын фасадын вертикал жашылдандыруу боюнча сынакты баштоодо.

Жеңүүчүлөргө жашыл фасаддар жана ыңгайлуу шаардык чөйрө берилет. Катышуу бекер. Тургундар, турак жай ээлеринин шериктери жана демилгелүү топтор чакырылат.

Аяктоо мөөнөтү - 2025-жылдын 10-августун (кошкондо).