Бүгүн Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин буйругуна ылайык, Талайбеков Мирлан Талайбекович Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясынын башчысы болуп дайындалды.

М.Талайбеков бул кызматка дайындалганга чейин Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын Патрулдук кызмат башкармалыгында иштеп, Бишкек шаардык милициясынын Патрулдук милиция башкармалыгынын басма сөз кызматынын инспектору, милициянын лейтенанты кызматтарын аркалаган. Кызмат учурунда өзүн жоопкерчиликтүү, принципиалдуу кызматкер катары көрсөттү.

Бишкек шаарынын мэриясы анын кесиптик тажрыйбасы жана билими  Муниципалдык инспекциянын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга салым кошот деп ишенет.

Борбор калаада тартипти жана көрктөндүрүү эрежелерин сактоону камсыз кылууда шаардык инспекциянын иши өзгөчө мааниге ээ. Мындан улам шаар башчысы жаңы жетекчинин алдына инспекциянын ишмердүүлүгүндө көзөмөлдү жана ачык-айкындуулукту күчөтүү боюнча конкреттүү милдеттерди койду.