Борбор калаанын мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду.
Асанов Улукбек Намазбекович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулуп, Свердлов райондук администрациясынын аппаратынын жаңы жетекчиси болуп Джамгырчиева Назгүл Советкановна дайындалды.
Буга чейин Бишкек мэриясынын борбордук аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалап келген.
Касмалиева Айсулуу Тынчтыкбековна Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн жаңы башчысы болуп дайындалды.
Тиешелүү буйрукка мэр Айбек Джунушалиев кол койду.