Улуттук тарых музейинде СССР Аскер-Дениз Флотунун күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болду. «Кыргыз Республикасынын деңиз флотунун моряктарынын биримдиги» коомдук бирикмеси уюштурду.
Иш-чарага флоттун ардагерлери, коомдук уюмдардын жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.
Биринчи май администрациясынын атынан Аппарат жетекчиси Бейшеке уулу Адилет сөз сүйлөп, моряктарды куттуктап, жаштарды патриоттукка тарбиялоого жана деңиз салттарын сактоого кошкон салымы үчүн бирикменин активдүү мүчөлөрүнө Ардак грамоталарды тапшырды.
Балтика флотунун морякы Адыл Есеналиевге өзгөчө токтолуп, бирикменин иш-чараларына активдүү катышкандыгы жана шаардын өнүгүшүнө кошкон жеке салымы үчүн баалуу саат менен сыйланды.