Муниципалдык коомдук транспортто жүргүнчүлөрдүн жол акысын төлөөсүн текшерүү боюнча рейддик иш-чаралар өткөрүлдү.
Транспорт жана жол-транспорт инфратүзүмүн өнүктүрүү департаментинин кызматкерлери, Муниципалдык инспекциянын өкүлдөрү, “Бишкек шаардык транспорт” МИнин кызматкерлери, Бишкек ШИИБнын жана “Тулпар” бирдиктүү картасынын адистери катышты.
Рейддик иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 199-беренесинин 8-бөлүгүнө ылайык, 10 жүргүнчүгө 1000 сомдон (миң сом) айып пул салынды. Бардыгы 10 000 сом.
Айып пул, айып салынган күндөн тартып бир айдан кечиктирилбестен төлөнүшү керектигин белгиленет.
Мындай рейддик иш-чаралар күн сайын өткөрүлүп турат.
Кымбаттуу шаар тургундары, жүргүнчүлөр!
Жол акысын накталай эмес төлөөнүн түрлөрү: банктык байланышсыз карталар, QR-код, тулпар картасы аркылуу төлөөнү суранабыз. Эгер акча менен төлөсөңүз, айдоочудан талонду сөзсүз алыңыз, жок болсо, сураңыз!