Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин тапшырмасынын алкагында шаар тургундарынын коопсуздугун камсыздоо иш-чаралары улантылууда.

Ошентип, борбордун Ленин районунда жайгашкан «Новопавловка» МАБнын аймагында, Корсаков көчөсү менен Чоң Чүй каналынын кесилишинде жайгашкан көпүрөнүн эки тарабына  тосмолор орнотулду. Бул иштерди «Бишкекасфальтсервис» ишканасы аткарды.

Бул тилке мурда  жөө жүргүнчүлөр жана айдоочулар үчүн кооптуу болгон. Тосмолордун орнотулушу мүмкүн болгон кырсыктардын алдын алып, коопсуз шаардык чөйрөнү түзүүгө багытталат.