Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин демилгесинин негизинде жана «Ачык асман» долбоорунун алкагында, «Бишкекжарык» муниципалдык ишканасы шаар ичиндеги жаңы салынып жаткан жолдордо  илинген интернет чубалгыларын тазалоо жана ирээтке келтирүү иштерин жүргүзүп жатат.

Иштердин жүрүшүндө техникалык талаптарга жооп бербеген, баш аламан жайгашкан чубалгылар алынып, тиешелүү байланыш компаниялары менен кызматташуунун негизинде жер астына өткөрүлүүдө.

Бул аракеттердин негизги максаты — шаар келбетин жакшыртуу, заманбап жана коопсуз инфраструктураны түзүү.

Мындай иштер азыркы тапта жаңы реконструкцияланган көчөлөрдө башталып, этап-этабы менен башка көчөлөрдө да улантылат.