Бишкек шаарынын мэриясы жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү максатында кеңири масштабдуу иштерди жүргүзүүдө.
2025-жылдын алкагында борбор калаанын төмөнкү сегиз көчөсүндө капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүү пландалган:
• Медеров көчөсү (7-Апрель көчөсүнөн Панфилов көчөсүнө чейин);
• Жибек Жолу проспекти (Курманжан Датка көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейин);
• Жаш Гвардия бульвары (Бөкөнбаев көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейин);
• Шабдан Баатыр көчөсү (Курманжан Датка көчөсүнөн Лермантов көчөсүнө чейин);
• Москва көчөсү (Жаш Гвардия бульварынан Фучик көчөсүнө чейин);
• Л. Толстой көчөсү (Ибраимов көчөсүнөн К.Акиев көчөсүнө чейин);
• Курманжан Датка көчөсү (Жибек Жолу проспектисинен Чүй проспектисине чейин);
• Ахунбаев көчөсү (Юнусалиев көчөсүнөн 7-Апрель көчөсүнө чейин).
Белгилей кетсек, айрым көчөлөрдө оңдоо иштери белгиленген мөөнөттөн 15–25 күнгө эрте бүткөрүлдү. 2025-жылдын 24-июлуна карата төмөнкү көчөлөрдө капиталдык оңдоо иштери мөөнөтүнөн мурда аяктап, транспорт кыймылы жанданды:
• Медеров көчөсү (7-Апрель көчөсүнөн Панфилов көчөсүнө чейин);
• Жибек Жолу проспекти (Курманжан Датка көчөсүнөн Лермантов көчөсүнө чейин);
• Жаш Гвардия бульвары (Бөкөнбаев көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейин);
• Шабдан Баатыр көчөсүнүн түндүк тарабы (Курманжан Датка көчөсүнөн Лермантов көчөсүнө чейин).
Бул көчөлөрдө негизги оңдоо иштери аяктап, учурда аялдама комплекстерин жаңылоо, жарыктандыруу орнотуу, ирригациялык тармактарды оңдоо жана жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуар куруу иштери жүрүп жатат.
Калган көчөлөрдө оңдоо иштери графикке ылайык уланууда:
• Лев Толстой жана Москва көчөлөрүндө иштердин 60% аткарылган;
• Курманжан Датка жана Ахунбаев көчөлөрүндө оңдоонун 30% бүткөн.
Мындан тышкары, мэрия төмөнкү эки көчөдө жаңы жолдорду курууну толук аяктады:
• Токтоналиев көчөсү (Масалиев көчөсүнөн Дүйшеев көчөсүнө чейин);
• Кара-Дарья көчөсү (Горький көчөсүнөн Лев Толстой көчөсүнө чейин).
Бул көчөлөрдө унаа кыймылы үчүн жолдор ачылды.
Учурда төмөнкү даректерде көпүрө куруу иштери жүрүүдө:
• Шүкүров көчөсү;
• Ауэзов көчөсү.
Бакаев көчөсүндө темир жол аркылуу өтүүчү автожолдун курулушу 60%дан ашык бүткөрүлдү. Учурда жолдун негизин бекемдөө жана каптал дубалдарды куруу иштери уланууда.
Андан сырткары, дагы эки көчөдө оңдоо иштери башталды:
• Калинин көчөсү (Салиева көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейин);
• Абдумомунов көчөсү (Турусбеков көчөсүнөн К.Акиев көчөсүнө чейин).