"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы Бишкек шаарынын аймагындагы жолдорду жана тротуарларды капиталдык оңдоону улантууда.
Ак-Марал көчөсүн капиталдык оңдоо иштери Чортеков көчөсүнөн Шералиев көчөсүнө чейинки узундугу 750 погон метр болгон тилкеде башталды.
Бүгүнкү күндө эски катмарын алып салуу, жолдун негизин пландаштыруу жана топуракты ныктоо боюнча иштер жүргүзүлдү. Тирөөчтөр жылдырылып, тротуар мыйзамсыз курулуштардан бошотулду. Ирригация тармагы орнотулду. Шаардыктарга ыңгайлуу шарт түзүү максатында жолдун эки тарабында тротуар уюштурулду.
Учурда жолчулар жолго асфальт төшөй башташты. Ысык асфальт-бетон аралашмасын төшөп бүткөндөн кийин жаңы жол белгилери орнотулат жана тиешелүү жол чийиндери чийилет.