2025-жылдын 30-июлунан 6-августуна чейин Осмонкул көчөсүндө жайгашкан №3 насостук станциясына курулуп жаткан түтүктөрдү ЗПЗ-I жылуулук магистралындагы түтүктөргө кошуу иштерине байланыштуу, жылуулук магистралдарынын белгилүү бир бөлүгү убактылуу өчүрүлөт.
Бул иштер жүргүзүлгөн мезгилде төмөнкү даректерде ысык суу берүү токтотулат:
• Чүй проспектиси, №46, 48, 50, 52, 125, 121 (административдик имарат), 123 (медресе);
• Герцен көчөсү, №95а, 51 (бала бакча);
• Гоголь көчөсү, №109, 111, 113, 107 (бала бакча);
• Суюмбаев көчөсү, №18, 80, 123/1, 73 (РОВД);
• Осмонкул көчөсү, №40б (жеке мектеп), 36 (Улуттук медициналык борбор);
• Киев көчөсү, №1б, 2б.
«Бишкекжылуулуктармагы» муниципалдык ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана түшүнүү менен кабыл алууну өтүнөт.