«Бишкекжылуулук» муниципалдык ишканасынын №3 жаңы насостук  станциясы шаарды ишенимдүү жана үзгүлтүксүз жылуулук менен камсыздоодо маанилүү роль ойнойт.

Бул насостук станциясы жылуулук менен камсыздоо системасынын гидравликалык режимин жакшыртып, жылуулук берүүдө натыйжалуулукту арттырат, жоготууларды жана авариялык коркунучтарды азайтып, дагы көп керектөөчүлөрдү жылуулук менен камсыз кылууга мүмкүнчүлүк берет.

Сегиз заманбап, энергияны үнөмдөөчү насостор жана автоматташтырылган башкаруу системалары ишти жакшыртууга жана чыгымдарды кыскартууга шарт түзөт.

Басымды жана жылуулук берүүнү так жөнгө салуу менен электр энергиясын керектөө жана тармактардагы жылуулук жоготуулары азаят.