2025-жылдын 29-июлунан тартып Ч. Айтматов проспектиси А.Масалиев проспектисинен И.Ахунбаев көчөсүнө чейин реконструкция иштерин жүргүзүү үчүн жарым-жартылай жабылат.
Биринчиден, бордюрларды жана арыкты демонтаждоо иштери жүргүзүлөт, бул мезгилде жол кыймыл үчүн ачык болот. Бирок асфальт алынып, жаңы катмар төшөлөрдө унаа кыймылы үчүн толук жабылат.
Белгилей кетсек, аталган тилке эки айга жабылат.
Буга байланыштуу №8 жана №55 автобустук каттамдардын кыймыл схемасы убактылуу өзгөрөт. Кошумчалай кетсек, Ч. Айтматов проспектисинде каттам саат 22:00дөн 05:00гө чейин тыюу салынган. Бул учурда унаалар Масалиев проспектиси менен Садырбаев көчөсүнө багытталган.
Урматтуу борбор калаанын тургундары жана коноктору! Бишкек шаарынын мэриясы убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле жасап, каттамыңызды алдын ала пландап, тыгындарды болтурбоо үчүн жеке транспорттун ордуна коомдук транспортту колдонууну өтүнөт.