Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан №132 бала бакчада капиталдык оңдоо иштери жүрүүдө.
Эки кабаттуу имарат 6 тайпага ылайыкталган. Жалпы кубаттуулугу — 140 орун. Имараттын аянты 1 100 чарчы метр, ал эми жер тилкесинин аянты — 0,9 га.
Капиталдык оңдоонун алкагында ички жана сырткы инженердик тармактар (жылуулук, электр, суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды кетирүү системалары) толук жаңыланат. Ошондой эле ички жана сырткы жасалгалоо толугу менен жаңыртылып, балдар үчүн ачык оюн аянтчалары курулат, ирригациялык тармак модернизацияланып, айлананы жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштери жүргүзүлөт.
Бүгүнкү күндө имараттын чатырын алмаштыруу иштери жүрүп жатат, коопсуздукту камсыздоо үчүн парапеттер орнотулду. Демонтаж иштери аяктап калды. Ошол эле учурда имараттын ичинде электромонтаж жана сантехникалык иштер, ички дубалдарды суу шыбоо иштери уланууда.
Мындан тышкары, сырткы инженердик тармактарды алмаштыруу иштери жүрүп жатат. Анын алкагында жылытуу системасынын түтүктөрү толук жаңыртылды.
Учурда терезелер менен эшиктердин өлчөмү алынып, аларды даярдоо иштери жүрүүдө. Ошондой эле фасадды жасалгалоого керектүү материалдарды даярдоо максатында фасаддын да өлчөмү алынууда.
Белгилей кетсек, бул имарат 1968-жылы бала бакча катары курулган. Кийинки жылдары ал №26 башталгыч мектеп катары пайдаланылган. 2025-жылдан тарта бул объект кайрадан расмий түрдө бала бакча катары иштей баштайт. Учурда анын капиталдык оңдоосу жүрүп жатат.
Подрядчы уюм — «Авангард и Ко» ЖЧКсы.