Профсоюз көчөсүнүн боюнда жеңил типтеги объектилер мыйзамсыз иштеп жаткан.
2025-жылдын 12-июнунда шаар мэри Айбек Джунушалиев «Кудайберген» базарынын жанындагы аймакты кыдырып, ага Профсоюз көчөсүн бойлой Патрис Лумумбы көчөсүнөн Нарвская көчөсүнө чейин 2 км узундуктагы сейил бак курууну, ал эми мэриянын Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгына "мыйзамсыз объектилерден" тазалоону тапшырган.
Аталган кыдыруунун алкагында базардын өрт коопсуздугу текшерилип, жер тилкесин максаттуу эмес пайдаланууда мыйзам бузуулар аныкталган, жанаша жайгашкан тилкелердеги бак-дарактарды өзүм билемдик менен кыюу жана оор жүк ташуучу унаалар менен башаламан унаа токтотуучу жайларды уюштуруу фактылары катталган.
Ошондой эле, шаардык кызматтарга базарга жанаша жайгашкан аймакта тартипти орнотуу, анын ичинде ижара келишиминин шарттарын бузган объектилердин ээлерине чара көрүү боюнча бир катар тапшырмалар берилген.
Бүгүнкү күндө борбор калаа башчысынын тапшырмасы менен Профсоюз көчөсүнө сейил бак куруу боюнча долбоор даярдалып, бекитилди.
Келечектеги эс алуу зонасында ички жолду жана автоматтык ирригацияны уюштуруу, ошондой эле жашылдандыруу жана көрктөндүрүү каралган.
Жерди пайдаланууну контролдоо башкармалыгы ижара келишиминин шарттарын бузган объектилерди алууда.
Мындан тышкары, Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы тарабынан Б.У.А.га карата жашыл аянтка унаа токтоткондугу үчүн Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 179-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, 5500 сом өлчөмүндө протокол түзүлдү.