«Социалдык жатакана» жана «Наристелер сүтканасы» мекемелеринде жарандык коргонуу жана өрт коопсуздугу боюнча окуу-машыгуулар өткөрүлдү.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Биринчи Май жана Октябрь райондорундагы өкүлдөрүнүн катышуусунда уюштурулду.

Окуулар алкагында ӨКМ кызматкерлери мекеме кызматкерлери жана социалдык жатаканада жашаган тургундар үчүн маалыматтык-окутуу сабактарын өткөрүштү. Негизги көңүл өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоого жана жер титирөө сыяктуу өзгөчө кырдаалдарда туура аракеттенүү тартибине бурулду.

Мындай иш-чаралар калктын жана кызматкерлердин өзгөчө кырдаалдарга даярдыгын жогорулатууга жана коопсуздук маданиятын калыптандырууга өбөлгө түзөт.

«Социалдык жатакана» жана «Наристелер сүтканасы» — Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү департаментинин карамагындагы мекемелер болуп саналат.

Белгилей кетсек, бекитилген графикке ылайык мындай окуулар Бишкектеги бардык социалдык мекемелерде өткөрүлөт.