2025-жылдын 28-июлунда Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын сахнасында «Сеул — Бишкек» достук фестивалы өттү.
Иш-чара Корея Республикасынын борбору Сеул шаарынын мэриясынын расмий делегациясынын Бишкек шаарына болгон сапарынын алкагында өткөрүлүп, Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы маданий байланышты чыңдоого болгон өз ара умтулууларды айкын көрсөткөн маанилүү учур болду.
Фестивалдын катышуучулары менен меймандарына саламдашуу сөзү менен Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары Мирланбек Байгончоков кайрылып, элдер ортосундагы өз ара түшүнүшүүнүн жана кызматташуунун негизин түзгөн эл аралык маданий алмашуунун өзгөчө маанисине токтолду.
Фестивалдын ардактуу коноктору катары Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ким Квондже жана Сеул шаардык кеңешинин депутаты Айсулуу Аширалиева катышты.
Фестивалдын алкагында 10 команда катышкан сынак өтүп, жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Маданий программа Сеул жана Бишкек шаарларынын чыгармачыл жамааттарынын концерттик номерлери менен коштолду. Айрыкча белгилүү K-pop ырчысы Сонг Вондун шоу-программасы көрүүчүлөрдүн купулуна толуп, кеченин кульминациялык учурларынан болду.
Фестиваль жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи менен жыйынтыкталды.
Иш-чара Сеул шаарынын мэриясы тарабынан Бишкек шаарынын мэриясынын колдоосу менен уюштурулуп, эки борбордун ортосундагы бекем өнөктөштүк жана достук мамилелерди өнүктүрүүдө маанилүү кадам болду.