Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №291 «Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» токтомун ишке ашыруу иштери уланууда.
Азыркы учурда Бишкек шаарынын Биринчи Май районунда жайгашкан, менчиктеги айрым объекттер жер мунапысынын алкагына кирери аныкталып, тийиштүү тизмелер түзүлдү. Бул — жер тилкелерин мыйзамдаштырууга жана мүлктүк маселелерди тартипке келтирүүгө багытталган маанилүү кадам.
Иш-чаралар борбор калаанын башка райондорунда да улантылууда. Жаңылыктардан кабардар болуп туруңуз.