Ленин районунун акими Тариэл Айтиев өрттөн олуттуу зыян тарткан борбор калаанын тургуну Сулейманова Венера Раджибаевнага 849 029 сом өлчөмүндөгү камсыздандыруу сертификатын тапшырды. Окуя 2025-жылдын 1-июлуна караган түнү Обская көчөсү, 5-үй дарегинде болгон.

Өрт электр зымдарынын кыска туташуусунан келип чыгып, турак жайга чоң зыян келтирген.

Кварталдык ыйгарым укуктуу өкүлдүн сунушу менен II топтогу майып Венера Раджибаевна алдын ала Мамлекеттик камсыздандыруу уюмуна кайрылып, жашоо-жайын бекер камсыздандырган. Бул камсыздандыруу турак жайларды милдеттүү камсыздандыруу программасынын алкагында жүргүзүлгөн.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, I жана II топтогу майыптар социалдык жактан аярлуу катмарга кирип, өрт жана жаратылыш кырсыктарынын кесепеттеринен мүлктү жеңилдетилген шартта камсыздандыруу укугуна ээ.

Тийиштүү документтер, анын ичинде өрт өчүрүү кызматынын актысы, 16-июлда МКУга тапшырылып, 24-июлда материалдарды кароонун жыйынтыгы менен жабырлануучуга толук көлөмдөгү камсыздандыруу төлөмү жүргүзүлдү.

«Бул окуя мүлктү убагында камсыздандыруунун маанилүүлүгүн дагы бир ирет көрсөттү. Айрыкча, мамлекеттик колдоого муктаж болгон жарандар үчүн бул программа өтө зарыл», — деп белгиледи Тариэл Айтиев сертификатты тапшыруу учурунда.