Маратбек Турсунов Октябрь райондук администрациясынын башчысынын орун басары болуп дайындалды.
Бишкек шаарынын мэринин орун басары Азамат Кадыровдун төрагалыгы алдында Октябрь райондук администрациясында жыйын өттү.
Жыйындын жүрүшүндө Азамат Кадыров Октябрь райондук администрациясынын башчысынын орун басары болуп дайындалган Маратбек Исаевич Турсуновду эмгек жамаатына тааныштырып, жаңы кызматында ийгиликтерди каалады.