Шаар мэри Айбек Джунушалиевдин тапшырмасы менен Бишкек шаарында билим берүү мекемелеринин 2025-2026-окуу жылына даярдыгын көзөмөлдөө улантылууда.

Мэрдин орун басары  Виктория Мозгачева билим берүү департаментинин жана райондук администрациялардын өкүлдөрү менен биргеликте жеринде текшерүү иштерин жүргүзүп, анын жүрүшүндө подрядчыларга да, билим берүү мекемелеринин жетекчилерине да тапшырмалар берилүүдө.

Аткарылган иштердин сапатына, ошондой эле чектеш аймактарды талаптагыдай күтүүгө жана санитардык абалга көңүл бурулууда.

Свердлов районунда жеринде текшерүү учурунда билим берүү мекемелеринин биринде жаңы окуу жылына даярдык көрүү боюнча милдеттенмелер системалуу түрдө аткарылбай жатканы аныкталды. Буга байланыштуу №51 мектепке чейинки билим берүү уюмунун директору ээлеген кызматынан бошотулду. Мындан тышкары, №42 мектепке чейинки билим берүү уюмуна тартиптик чара көрүлдү.

Даярдоо иштери уланууда. Борбор калаанын билим берүү тармагында 120 мектеп, 118 бала бакча жана 6 мектептен тышкаркы мекеме бар.