Мэр муниципалдык менчик башкармалыгынын жаңыланган курамына кайрылды.


"Буга чейин муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департамент иштеп жаткан учурда биз жамаат менен үч жолу жолугушуп, муниципалдык менчик жаатындагы көйгөйлүү маселелерди чечүүнү суранганбыз. Бир нече жолу шаардыктар менен карым-катнаш жок экендиги белгиленип, эреже бузууларды жоюу, болбосо департамент таркатылары тууралуу эскерттик", - деп баса белгиледи мэр.
Көптөгөн суроолор узак убакытка созулуп жатты. Мисалы, Бишкек шаарынын мэринин тапшырмасы боюнча айрым маселелер мөөнөтүнүн бүтүшү менен аткарылган.

«Мындай мыйзам бузуулар менен жетекчи тарабынан коюлган тапшырмаларды аткарсаңар, анда элдин кайрылуулары эмне болот, мэрден же орун басарлардан тапшырма күтпөй, шаардын жана шаардыктардын кызыкчылыгы үчүн ыкчам жана өз алдынча чечим кабыл алгыдай кылып кайра түздүк», - деп нааразы болду борбор башчы.


Мэр башкармалыктын кызматкерлерине КР колдонуудагы мыйзамдарынын жана өзүнүн функционалдык милдеттеринин алкагында гана иш алып баруу зарылдыгын эскертти.


"Бүгүн сиздерге жаңы жетекчи келди. Бөлүмдүн беделин түшүргөн иштерге жол бербейбиз. Талап, көзөмөл жана жоопкерчилик күчөтүлүүдө!"-деп кошумчалады А.Джунушалиев.


Башкармалыктын жетекчиси Талгат Бекбоевге кызматкерлерге сыноо мөөнөтүн белгилөө жана мыйзам бузуулар аныкталган учурда ээлеген кызматынан бошотууга чейин катуу чараларды көрүү тапшырмасы берилди.

Башкармалык кайра түзүлгөндөн бери муниципалдык менчикке ижарага укук берүү боюнча комиссиянын 4 отуруму өткөрүлдү. Жыйынтыгында шаар тургундарынан түшкөн 60тан ашык маселе ыкчам жана сапаттуу каралып, Профсоюз көчөсүндөгү белгиленген максатта пайдаланылбай калган жер тилкесинин ижара келишими да токтотулган. Бүгүнкү күндө башкаруу ишинин темпи кайра уюштурууга чейинки мезгилден олуттуу айырмаланып турат.


Коррупцияга каршы күрөшүү жана укук коргоо органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнө ММБнын ишмердүүлүгү боюнча көзөмөлдү күчөтүү тапшырылды.


Мындан тышкары, башкарууну санариптештирүүнү күчөтүү, ошону менен бирге бюрократиядан арылтуу, ошондой эле ижара акысын жогорулатууда объективдүүлүктү камсыз кылуу милдети коюлган.


Жарандардын кайрылууларын, ошондой эле борбор калааны өнүктүрүүнүн алкагындагы маселелерди ыкчам жана сапаттуу чечүү үчүн Муниципалдык менчик башкармалыгына, Жерди пайдаланууну контролдоо башкармалыгына, Бишкек шаардык курулуш жана архитектура башкы башкармалыгына тыгыз кызматташтыкта иш алып баруу тапшырылды.