Бишкек шаардык мэриясынын Муниципалдык инспекциясы Фейсбукта 12-кичирайондо оор жүк ташуучу унаалардын кыймылы тууралуу билдирүү боюнча чара көрдү.

Жол кыймылына убактылуу чектөөлөрдү сактабаган оор жүк ташуучу унаалардын алты айдоочусуна карата протоколдор түзүлдү.

Ошентип, жеке адамдар Т.У.Т., С.У.Т., А.Т.М., М.Н.А., А.О.М., А.у.К. Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар  жөнүндө кодексинин 434-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, жалпысынан 18 000 сом айып салынган.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын мэриясынын №80-Т буйругуна ылайык, Бишкек шаарында 2025-жылдын 20-майынан 1-октябрына чейин оор жүк ташуучу унаалардын жүрүшүнө убактылуу чектөө киргизилген.

Массасы 18 тоннадан ашкан жүк ташуучу унаалардын жүрүшүнө абанын температурасы +28°С жана андан жогору болгондо саат 10:00дөн 19:00гө чейин тыюу салынат.

Оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына убактылуу чектөө жолдордун коопсуздугун камсыздоо жана пайдалануу мөөнөтүн жогорулатуу максатында кабыл алынган.

Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы бардык айдоочуларга Бишкек шаарынын мэриясынын №80 токтомунун талаптарын аткарууну эскертет.

Белгиленген тартипти бузуу Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар  жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчиликке алып келет.