Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 291 “Жерге мунапыс берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомун ишке ашыруу боюнча иштер улантылууда.
Азыркы учурда Бишкек шаарынын Ленин районундагы жер мунапысынын объекттерине кирген менчик ээлеринин тизмеси түзүлдү. Бул жер тилкелерин мыйзамдаштыруу жана мүлк маселесин тартипке келтирүү жолундагы маанилүү кадам.
Борбор калаанын башка райондорунда да иштер уланып жатат.