Бишкек шаарында 16 жашка чейинки өспүрүм кыздар жана балдар арасында конуштардын командаларынын арасында волейбол турнири өттү. Мелдеш «Асылбаш» спорт комплексинин базасында өткөрүлүп, эки жумага созулду. Жалпысынан 192 өспүрүм катышты.
7–14-июль күндөрү кыздар арасында оюндар өтүп, 96 катышуучу болду. 14–21-июль аралыгында уландар күч сынашып, 96 катышуучу оюн талаасына чыкты.
Турнирдин негизги максаты — жайкы каникул учурунда өспүрүмдөрдүн бош убактысын пайдалуу жана активдүү өткөрүүнү уюштуруу жана конуштардан келген жаштарды спортко тартуу.
Уландар арасында жыйынтыктар:
1-орун: «Асылбаш»;
2-орун: «Асылбаш 2»;
3-орун: «Ак-Орго» конушу.
Кыздар арасындагы жыйынтыктар:
1-орун: «Ак-Ордо» конушу;
2-орун: «Ак-Орго» конушу;
3-орун: «Ак-Орго 2» конушу.
Жеңүүчүлөр жана байгелүү орундарды ээлеген командалар дипломдор жана медалдар менен сыйланышты.
Турнирдин уюштуруучусу — Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти.