Бишкек шаарында бильярд боюнча чемпионат өтүп, ага «Жеңиш» олимпиадалык резервдин адистештирилген балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинин (ОРАБӨСМ) тарбиялануучулары катышты.
Мелдешке 1996-жылдан кийин төрөлгөндөр катышып, анын жыйынтыгында «Жеңиш» ОРАБӨСМүнүн чемпиону аныкталды.
Турнирдин негизги максаты — жаш спортчулардын чеберчилигин жогорулатуу жана Бишкек шаарында бильярд спортун жайылтуу болуп саналат.
Мелдештин негизинде аныталган жеңүүчүлөр:
1-орун — Сыймык Ураимов;
2-орун — Артур Огобаев;
3-орун — Амантур Арзыматов;
3-орун — Улукман Карагулов.
Жеңүүчүлөр дипломдор, медалдар жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышты. Бильярд кийи, смарт сааттар жана башка белектер берилди.
Бул турнир жаш спортчулар арасында чоң кызыгуу жаратты. Ушуга байланыштуу мындан ары да мындай иш-чараларды туруктуу өткөрүү пландалууда.