17-28-июль аралыгында Бишкек шаарынын Свердлов районунда 2011-2012-жылдары төрөлгөн балдардын салттуу жайкы спартакиадасы өттү. Мелдешке 200гө жакын мектеп окуучусу катышты.

Мелдеш спорттун кичи футбол, пионербол, эстафета, ордо жана аркан тартыш түрлөрү боюнча өттү.

Спартакиаданын максаты жайкы мезгилде балдарды дене тарбия сабагына активдүү тартуу, ошондой эле Бишкек шаарындагы адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорт мектептерине (ОРАБӨСМ) андан ары тапшыруу үчүн таланттуу балдарды аныктоо.

Спартакиаданын жыйынтыгы:
Кичи-футбол:
1-орун - №20 МАБ;
2-орун - №18 МАБ;
3-орун - №20 МАБ.

Пионербол:
1-орун — №18 МАБ;
2-орун — №17 МАБ;
3-орун — Лебединовка МАБ.

Эстафета:
1-орун — №18 МАБ;
2-орун — №20 МАБ;
3-орун — №17 МАБ.

Аркан тартыш:
1-орун — №20 МАБ;
2-орун — №20 МАБ;
3-орун — №17 МАБ.

Ордо:
1-орун — №21 МАБ;
2-орун — №20 МАБ;
3-орун — №19 МАБ.

Байгелүү орундарга ээ болгондор дипломдор жана медалдар менен сыйланса, 1-орунду ээлеген командаларга кубок да тапшырылды.