Бүгүн, 2025-жылдын 30-июлунда "Бишкек автобекети" МИсинде  шаар аралык жүргүнчүлөрдү ташуудагы коопсуздукту жана уюштурууну талкуулаган жыйын өттү.

Иш-чарага Транспорт жана жол-транспорттук  инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын, Жер-суу транспорту департаментинин Чүй Бишкек аймактык башкармалыгынын өкүлдөрү жана Бишкек шаардык транспорту ишканасынын өкүлдөрү катышты.

Жеке транспорттук ишканалардын жетекчилери жана айдоочулар катышкан жыйында аймактарда каттаган автобустардын жана кичи автобустардын коопсуздугун камсыздоо, каттамдардын техникалык жана укуктук талаптарга шайкештиги, көзөмөл жана айдоочуларга жүктөлгөн милдеттер, ошондой эле каттамдарды уюштуруудагы кемчиликтер жана аларды четтетүү боюнча сунуштар талкууланды.

Анда жеке ишканалардын өкүлдөрү, айдоочулар суроолорун берип, өз ой-пикирлерин айтышты. Бардык сунуштар эске алынып, тиешелүү бөлүмдөргө жөнөтүлдү.

Жыйындын максаты жүргүнчүлөрдү коопсуз, сапаттуу ташууну камсыздоо, ошондой эле мамлекеттик жана жеке секторлордун ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө болду.