Бүгүн, 2025-жылдын 30-июлунда Бишкек шаарынын мэри Айбек Джнушалиев таң эртеден курулуш объектилерин кыдырды.
Саат 05:00дө борбор калаа башчысы Орто-Алыш суу алгычынын иши менен таанышып, бир катар тапшырмаларды берди. "Бүгүнкү күндө Бишкек шаарында ичүүчү суу көйгөйү жок жана суунун тартыштыгы социалдык чыңалууну жаратып, митингдерге алып келген өткөн жылдардагы абалдын кайталанышына жол бере албайбыз. Суу менен үзгүлтүксүз камсыздоо жана кризистик абалды болтурбоо үчүн алдын ала чараларды көрүү зарыл", - деди А.Дж. Джунушалиев.
Белгилей кетсек, суу алуучу жайда 145 скважина бар: 124 эксплуатацияда, 18 запаста, 3 оңдоодо. Мэр «Бишкексууканал» муниципалдык ишканасынын жетекчилигине суу алуучу жайдагы бардык 145 скважинаны көзөмөлгө алып, секунд сайын мониторинг жүргүзүүнү тапшырды. Ошондой эле өрт коопсуздугунун алкагында аянтты куураган чөптөн тазалоо тапшырмасы берилди.
Эртең мененки саат 06:00дө шаар башчысы «Бишкексууканал» ишканасы тарабынан жүргүзүлүп жаткан суу алуучу скважиналарды бургулоо менен ХБО суу алгычын реконструкциялоо иштери менен таанышты.
ХБО суу алуучу жайды реконструкциялоо долбоору төмөнкү көчөлөр менен чектелген аймакты ичүүчү суу менен камсыз кылат: 7-апрель көчөсү – ЧБЧК – Достоевский көчөсү – “Көк-Жар” конушунун Ахунбаев көчөсү.
Борбор калаа башчысы реконструкциялоо менен алектенген подрядчы «Эмпайр Билдинг» ЖЧКсына объектти тапшыруу мөөнөттөрүн аткарып, аткарылган иштердин сапатына өзгөчө көңүл буруу милдетин койду. Ошондой эле аймакты көрктөндүрүү жана жашылдандыруу маселелерин кароо тапшырылды.
Андан соң саат 07:00дө шаар мэри Айбек Джунушалиев «Учкун» концшундагы долбоордук кубаттуулугу 140 орундуу бала бакчанын курулушунун жүрүшү менен таанышты.
Учурда участоктун жер төлөсүнө жана биринчи кабатына плитка төшөө, экинчи кабатына кирпич төшөө, аянтты пландоо, откананын конструкциясын орнотуу, чатырын орнотуу иштери жүрүп жатат. Свердлов акимчилигине Капиталдык курулуш башкармалыгы менен биргеликте объекттин курулушун көзөмөлгө алып, иштин темпин күчөтүү милдеттендирилди.
Саат 08:00дө кезектеги текшерүү объектиси Ауэзов көчөсүндөгү көпүрөнүн курулушу болду. Учурда аталган жерге убактылуу жөө жүргүнчүлөр өтүүчү көпүрө орнотулуп, бургулоо иштери жүрүп жатат. Шаар башчысы ишти тез арада бүткөрүп, жарандардын ыңгайлуулугу үчүн жолду ачуу милдетин койду.
Белгилей кетсек, реконструкциядан кийин көпүрөнүн туурасы 24 метрди түзүп, эки тараптан жөө адамдар өтүүчү тротуарлар жасалат.
Саат 09:00дө борбор калаа башчысы Курманжан Датка көчөсүндөгү реконструкция жана курулуш иштери менен таанышты.
Бүгүнкү күндө жылуулук тармактарын оңдоо жана реконструкциялоо боюнча бардык курулуш-монтаждоо жумуштары белгиленген мөөнөттөн эки ай мурда аяктады. Учурда жолдун катмарын кеңейтүү жана калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат.
Шаардык кызматтарга жолду реконструкциялоо менен катар аянтты жаңылоо боюнча комплекстүү иштерди жүргүзүү: тротуарларды иретке келтирүү, жарыктандырууларды орнотуу, имараттардын фасаддарын бирдиктүү стилге келтирүү, ошондой эле жашылдандыруу боюнча тапшырмалар берилди. Өз кезегинде Свердлов акимиатына Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти менен биргеликте бардык реконструкция иштерин көзөмөлгө алуу милдети тапшырылды.
Текшерүү улантылып, саат 10:00дө борбор калаа башчысы Чүй проспектиси менен Осмонкула көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан №3 насостук станциянын курулушун текшерди. Шаар мэрине жеринде жүргүзүлүп жаткан иштер жана орнотулган жабдуулар көрсөтүлдү. Мэр бардык жумуштарды сапаттуу жана өз мөөнөтүндө бүтүрүп, объектини пайдаланууга берүүнү, ошондой эле жанаша жайгашкан аймакты көрктөндүрүү маселесин кароону тапшырды. Белгилей кетсек, бул насостук станция ишти оптималдаштырып, көбүрөөк керектөөчүлөрдү жылуулук менен камсыздайт.
Андан соң саат 11:00дө Ак-Бата конушундагы 650 орундуу жаңы мектептин курулушу менен таанышты. Бүгүнкү күндө объект 85%га бүткөрүлдү. Шаар мэри Айбек Джунушалиев билим берүү мекемесинин курулушун үстүбүздөгү жылдын 20-августуна — жаңы окуу жылынын башталышына чейин бүткөрүү милдетин койду.
Текшерүүнүн акыркы объектиси саат 12:00дө катуу таштандыларды утилдештирүүнүн негизинде электр энергиясын өндүрүү боюнча экотехнологиялык заводдун курулушу болду.
Бүгүнкү күндө объекттин курулушу активдүү фазада. Электр энергиясын туташтыруу боюнча иштер жүргүзүлүп, буу генератору орнотулуп, техникалык суу сактагычтын курулушу, насостук станциянын жана тазалоо тутумунун иштери бүткөрүлүп, газды муздатуучу линия орнотулуп, чыгындыларды тазалоо тутумунун ички иштери толугу менен бүткөрүлдү жана имараттын сырткы бөлүгүн жабуу иштери жүргүзүлүп, тейлөө кызматкерлери үчүн жатакананын курулушу аяктап жатат.
Белгилей кетсек, курулуш иштери графикке ылайык жүргүзүлүп, аяктоо мөөнөтү жана ишке киргизүү 2025-жылдын декабрь айына пландалууда.
Текшерүүнүн жыйынтыгында мэр Айбек Джунушалиев бардык берилген тапшырмалардын сапаттуу жана өз убагында аткарылышын көзөмөлгө алуу милдетин койду.