Бишкек шаарынын мэриясынын Борбордук аппаратынын Муниципалдык менчик башкармалыгы 2025-жылдын 7-августунан тарта калаадагы 16 сейил бактагы соода орундарын ижарага алуу үчүн арыздарды кабыл ала баштаарын билдирет.

Сиз балмуздак, суусундуктар, кофе, попкорн,  балдар оюнчуктары, велосипеддерди, балдар унааларын, күч өлчөгүчтөрдү, батуттарды, паровоздорду,  ж.б. сатуу, иштетүү үчүн орун ижарага ала алсыз.

Муниципалдык менчик комиссиясынын 2025-жылдын 30-июлундагы чечимине ылайык, жалпыга маалымдоо каражаттарына расмий жарыяланганга чейин келип түшкөн арыздар эсепке алынбайт.

Ошондой эле, Комиссиянын чечимине ылайык, бир арыз берүүчү бир соода ордун ижарага берүү үчүн бир гана арыз берүүгө укуктуу.

Ижарачы менен түздөн-түз ижара келишимин түзүү бир жылдык ижара акысы толугу менен төлөнгөн учурда жүргүзүлөт. Ижара акысынын өлчөмү комиссия тарабынан белгиленет.

Ижарага арыздар 2025-жылдын 7-августунан 8-августуна чейин саат 09:00- 16:00 аралыгында, Шевченко көчөсү, 25 (жалпы бөлүм) боюнча кабыл алынат.

Бардык суроолор жана толук маалымат боюнча төмөнкү телефондор аркылуу кайрылсаңыздар болот: 0312 979195 (ички 4220).